Биз менен байланышыңыз

Токаев: Кыргыздар илгертен казак элине эң жакын болуп келген

Кыска кабар | 26 мая 2022 | 397 | 0

Президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев чакан чөйрөдө сүйлөшүү жүргүздү. Алар кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров Казакстан менен кызматташууну бекемдөөнү жеке милдети деп эсептей турганын айтты. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу күндөн-күнгө тереңдеп жатканын  белгиледи.

Бүгүнкү жолугушуу биргелешкен өз ара алаканы өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегин аныктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишеним артты.

Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан Казакстандын кошунасы жана союздашы, ал эми кыргыз эли эзелтеден казак эли үчүн эң жакын экенин белгиледи.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы дипломатиялык мамилелердин орногонунун 30 жылдыгы белгиленүүдө жана бул убакыт аралыгында мамлекеттер ортосунда достук мамилелер чыңдалып, саясий диалог, мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык байланыштар түзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM