Биз менен байланышыңыз

Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси кармалды

Кыска кабар | 19 мая 2022 | 184 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 342-берененин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (Пара алуу) боюнча Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси А.Н.Т. кармалды.

Такталгандай, ал каза болгон адамдын сөөгүн өлүкканага кабыл алуу жана каттоо, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана маркумдун сөөгүн ачуудан баш тартуу боюнча атайын коррупциялык схема уюштуруп алганы аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери тарабынан ар кандай мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алып турушкан. Бул боюнча ондон ашык факты аныкталган.

Кармалган жетекчи УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM