Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Казино мыйзамын экинчи окууда өткөрбөгөнгө аракет кылабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 19 мая 2022 | 1001 | 0

Жогорку Кеңеш 11-майдагы сессиясында чет элдиктер кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков «Маралдын» эфиринде аталган мыйзам долбоорунун терс жактарын айтып берди.

«Биринчиден, биз мыйзамдарды айланып өтүүдөн аябай “мастербиз”. Мыйзам эле кабыл алынса ар бир кыргыз кантип кириштин жолун табат. Экинчиден, ал жерде иштеп жаткандарга деле баары бир. Ким келди? Ким акчасын кетирип жатат? Ойлондурбайт. Аларга кардар келсе, акчасын берсе эле болду. Ошондуктан адал мененби же арам менен келдиби, колунда барбы жокпу, кыргызстандыкпы же чет элдикпи эч бир иши болбойт, тандап отурбайт. Анан “аларды таап, жазалап коебуз” деген бекер сөз, анткени коррупция бар жерде мындай маселелердин чечилиши абдан кыйын».

Эл өкүлү биринчи окууда кесиптештеринин көпчүлүгү мыйзам долбоорунуну концепциясын колдогонун, бирок экинчи окууда ал өтпөй турганына ишенет.

«Колдогон депутатка барып сурасаң: “Балаңдын казинодо ойногонун каалайт белең?”, — деп, “Жок, каалабайт элем”, — деп айтат. Бул – айыкпай турган оору. Эми бираз акча түшөттүр, бирок эмненин эсебинен? Бирөөнүн көз жашынын эсебинен, айрымдар үй-бүлөсүнөн ажырайт, кээ бирлер бала-бакырасынан бери, аялынан бери байгеге койгондор болот экен. Мен болгон нерсени айтып жатам. Өзүнүн өмүрүн кыйгандар, карызга баткандар көп».

Кадырбеков бул мыйзам долбоорун демилгелегендер жогоруда айтылган зыяндарын түшүнбөй жаткандарын, депутаттар түшүндүргөнгө аракет кыла турганын билдирди.

Белгилей кетсек, долбоор инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча кумарканаларга чет өлкөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүү жарандар киргизилбейт.

Copyright © 2017 Maral FM