Аксы районунун «Кербен — Кош-Дөбө» жолундагы кырсыктан бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык бүгүн, 13-майда таңкы саат 5:55те болгон. ВАЗ-2106 унаасы менен Honda Stepwgn унаасы кагышып, андагы 1 эркек киши каза таап, 13 киши ар кандай жаракат алган.
Жерине ӨКМдин Аксы райондук бөлүмү барып, маркумдун сөөгүн унаадан алып чыгып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми кырсыктан жабыркаган 7 эркек, 3 аял, 3 жаш баланы «Тез жардамдын» экинчи бригадасы райондук ооруканага алып кетишкен.