Биз менен байланышыңыз

5-майда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 4 мая 2022 | 217 | 0

Эртең, 5-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +18…+20 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM