Өзбекстан менен Казакстан 12-апрелден тарта автобус каттамдарын ачты. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Каттамдардын графиги жана баалары жарыяланды. Алгач беш каттам ишке кирет:
- Ташкент — Алматы (16:00, 17:00, 18:00, 19:30) — 200 миң сум;
- Ташкент – Шымкент (12:00) – 60 миң сум;
- Ташкент – Нур-Султан (18:00) – 350 миң сум;
- Ташкент – Түркстан (19:00) – 100 миң сум;
- Ташкент – Кызылорда (19:00) – 200 миң сум.
Ошондой эле Тажикстанга аба каттамдарын ачуу да пландалууда:
- Ташкент – Худжанд (18:00) – 100 миң сум.
Эске салсак, Казакстан 11-апрелден тарта Өзбекстан, Кыргызстан жана Орусия менен болгон чек арасын ачкан.