Connect with us

Евробиримдик майыптыгы бар балдардын билим алуусуна 32 млн евро бөлөт

Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 404 | 0

Европа Биримдиги майыптыгы бар балдарга инклюзивдик билим берүү тармагы үчүн 32 млн евро грант бөлөт. Бул жааттагы макулдашууга кол коюлганын Финансы министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, акчанын 27 млн евросу бюджеттик колдоо, 5 млн евросу техникалык жардам түрүндө берилет.

Евробиримдик 2014-2021-жылдар аралыгында Кыргызстандын билим берүүсү үчүн 72 миллион евро бөлгөн. Жаңы бюджеттик программа ошонун ийгиликтүү натыйжасы болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM