Европа Биримдиги майыптыгы бар балдарга инклюзивдик билим берүү тармагы үчүн 32 млн евро грант бөлөт. Бул жааттагы макулдашууга кол коюлганын Финансы министрлиги билдирди.
Белгиленгендей, акчанын 27 млн евросу бюджеттик колдоо, 5 млн евросу техникалык жардам түрүндө берилет.
Евробиримдик 2014-2021-жылдар аралыгында Кыргызстандын билим берүүсү үчүн 72 миллион евро бөлгөн. Жаңы бюджеттик программа ошонун ийгиликтүү натыйжасы болуп эсептелет.