Бүгүн, 9-апрелде «Кең-Булуң-автодорожный» көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары тарабынан 23,5 кг баңги затын алып өтүү аракети токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Кыргызстандын аймагынан Казакстанга 1984-жылы туулган кыргызстандык С.Ж. аттуу жарандын башкаруусунда DAF XF510 үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
Жүк ташуучу унаанын чиркегичин текшерүү учурунда кызматтык ит белги берип, чек арачылар чиркегичти тыкыр текшерүүгө алышкан. Прицептин маңдайындагы полдун астын ачууда фольгага оролгон 24 брикет болгон. Брикеттерге май толтурулган.
Брикеттерди ачканда алардын ичинен өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү баңги заты табылган, алдын ала маалымат боюча ал афган чаарлары болгон. Баңгизаттын жалпы салмагы 23 кг 500 граммды түзгөн.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин айдоочу жана баңгизаты кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.