Connect with us

Өкмөт: Үч айда салыктар 1 млрд сомго көп чогулду

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 289 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 6-апрелде бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү.

Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов маалымат берип, 2022-жылдын I кварталы үчүн салыктар 14 млрд 640,5 млн сомго көп чогултулганын айтты. Өсүү темпи 167,3%ды түздү.

Акылбек Жапаров көзөмөл-кассалык машиналарды көбүрөөк колдонуу үчүн шарт түзүүгө чакырды. Анын айтымында, мамлекеттик банктар тарабынан POS-терминалдар орнотулган заманбап көзөмөл-кассалык машиналар бекер берилет.

Салык кызматынын маалыматы боюнча, быйыл үч айда 18 миңден ашык ишкер көзөмөл-кассалык машинаны колдонууга өттү. Өлкө боюнча 45 миң 35 көзөмөл-кассалык машина колдонулат, анын 22 миң 173ү – аппараттык ККМ жана 22 миң 862си – программалык ККМ.

Салык кызматы азыркы учурда аппараттык жана программалык ККМ колдонуларын билдирет.

Аппараттык ККМ – бул онлайн режиминде маалымат берүү модулуна ээ болгон фискалдык эс тутуму бар кадимки кассалык аппарат.

Программалык ККМ – смартфонго, планшетке же компьютерге акысыз орнотулган тиркеме түрүнө ээ жана аппараттык ККМ үчүн эң жеткиликтүү альтернатива болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн чек принтерин сатып алуу ишкерге жетиштүү.

Программалык ККМ Play Маркет («Онлайн ККМ» тиркемеси) аркылуу смартфонго акысыз орнотулат. Аппараттык ККМди техникалык тейлөө борборлорунан сатып алууга болот.

Мындан тышкары,» Керемет банк», «РСК банк» жана «Айыл Банк» заманбап ККМди POS-терминал менен акысыз беришет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM