Connect with us

Президент спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 283 | 0

Президент Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда спорттун жашоодогу маанисин белгилеп, кесип ээлерине чың ден соолук, бакубат жашоо жана албан ийгиликтерди каалаады.

«Өлкөбүздүн эл аралык коомчулуктагы, дүйнөлүк алкактагы аброюн көтөрүүдө спорт тармагынын өз орду бар. Биздин спортчуларыбыз көптөгөн эл аралык мелдештерде, анын ичинде Азия, Олимпиада, Паралимпиада оюндарында мамлекетибизди татыктуу таанытып, кыргыз туусун бийик желбиретип келе жатат. Мындай демдүү, күчтүү, таланттуу спортчуларыбыздын катары арбып жаткан маалда спорттук инфраструктураны жакшыртууга, жогорку квалификациялуу адистерди, насаатчыларды жана мугалимдерди даярдоого абдан көңүл буруубуз кажет. Жашына жана кесибине карабастан, ар бир адам сүйүктүү спорту менен машыгуусуна шарт түзүүбүз маанилүү. Анткени, спорт алдыга койгон максаттарга өжөрлүк менен жетүүгө, кыйынчылыктарды жеңүүгө үйрөтөт» , — деп айтылат куттуктоосунда.

Ошондой эле ал Мекен сыймыктанган спортчуларды тарбиялоодо, ийгиликтерди жаратууда спорт тармагындагы машыктыруучулардын тер төккөн мээнетин белгилеп өткөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM