Connect with us

Президент «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 5 Апр 2022 | 368 | 0

Президент Садыр Жапаров «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 17-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо болуп саналат.

Бул мыйзам ушул Мыйзамда каралган жер мунапысынын объектилерине болгон жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча жер мунапысын жүргүзүүнү жөнгө салат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM