Биз менен байланышыңыз

Бакыт Төрөбаев базар кыдырып, бааларды көрүп чыкты

Кыска кабар | 2 Апр 2022 | 6919 | 0

Бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарында өткөн айыл чарба жарманкесине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев баштаган тиешелүү органдардын жетекчилери да барып, бааларды көрүштү. Бул тууралуу Монополия менен күрөшүү кызматы билдирди.

Жарманкеде биринчи сорт ундун бир мүшөгү 1650 сомдон, кумшекердин килограммы 70 сомдон, картошканын килограммы 35 сомдон, өсүмдүк майынын 5 литри 700 сомдон сатылган.

Төрөбаев баштаган жетекчилер андан тышкары Бишкектеги «Народный», «Фрунзе» дүкөндөрүнө, Чүйдүн Новопавловка айылындагы «Глобус» дүкөнүнө, Сокулук районундагы жарманкеге, мал базарга да барышкан.

Сокулуктагы жарманкеде Бишкектегидей эле баалар коюлган, болгону өсүмдүк майынын 5 литри 20 сомго гана кымбатыраак (720 сомдон) сатылары белгилүү болгон.

Иш сапардын жүрүшүндө соодагерлер, дүкөн ээлери менен да маек жүрүп, андан соң бир катар чечимдер кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM