Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитеттин жыйынын өткөрүп, анда 2022-жылга чаралар планы кабыл алынды.
Ал дүйнөлүк экономикалык системадагы өзгөрүүлөрдөн улам калкка жана бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө багытталган.
Планга киргизилген чаралар 7 багытка топтолгон:
1. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана артыкчылыктуу товарлардын баасын турукташтыруу;
2. Социалдык колдоо жана иш менен камсыз кылуу;
3. Каржылык туруктуулукка шарт түзүү;
4. Ишкерлерге колдоо көрсөтүү;
5. Инвестиция тартуу;
6. Товар жүгүртүүнү жогорулатуу;
7. Мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу.
Бул планды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каржынын көлөмү болжол менен 126 млрд сомду түзөт.
Планда дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү, айдоо-себүү иштерин жүргүзүүдө дыйкандарды үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоого көмөк көрсөтүү, ирригациялык курулуштарды оңдоого жана калыбына келтирүүгө каражат бөлүү каралган.