Кыргызстанда 21-мартка карата 9 адамдан коронавирус аныкталды. Катталгандардын баары Бишкек шаарында.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери 200 миң 818 адамга коронавирус жукту.
Акыркы суткада бир бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары 2 миң 980ге жетти.
Бир суткада 15 адам илдеттен сакайып, ооруну жеңгендер жалпы 196 миң 83 киши.
Учурда 171 адам дарыланууда.