Биз менен байланышыңыз

«Эрнст Акрамов — ысымын ооруканага берүүгө татыксыз адам»

Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 215 | 0

Эрнст Акрамов — ысымын Чүй облустук ооруканасына ыйгарууга татыксыз адам. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнүн ачылышында билдирди.

«Ал бир гана оорукананын эмес, анын атындагы бөлүмдүн болушуна татыксыз. Мен аны менен бир бөлүмдө чогуу иштегем. Анын кыргыз кызматкерлердин үстүнөн күлүп, начар мамиле кылганын көргөм», — деди министр.

15-мартта жарандык активисттер жана дарыгерлер хирург Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институтунун жабылышына каршы пикирлерин билдирип, кайрылуу жасашты. Алар Акрамовдун ысымын ооруканага ыйгарып, өзүнө жашай турган үй берүүнү сунушташкан.

14-мартта хирург Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий борбору жабылганын министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.

Аталган борборду 85 жаштагы Эрнст Акрамов жетектеп келген. Министр аны кызматтан алганын, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалганын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM