Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев: Мамбет Мамакеев — улуу инсан

Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 4133 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилүү хирург Мамбет Мамакеев тууралуу пикирин билдирди.

Ал 15-мартта Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнүн ачылышында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Мамакеев улуу инсан экенин айтты.

«Ал оорукананын короосуна үй салып алган эмес, оорукананын жанынан сатып алган жер аянтына үй салган. Силер деле жер сатып алсаңар, үй саласыңар да», — деди министр.

Министр бир күн мурун журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Мамакеев 30 жыл мурда кызматтан кеткенин, азыр иштебей турганын айткан.

«Борбордо Мамакеевдин бир эле баласы менеджер болуп иштейт. Эгер ушундай менеджерлер болсо, бардык жерге дайындайт элем», — деген анда.

Буга чейин журналист Ыдырыс Исаков хирург Мамбет Мамакеевдин Бишкектин борборундагы ооруканалардын биринин аймагына мыйзамсыз курулган үйү тууралуу иликтөө жарыялаган.

Медицина илимдеринин доктору, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры, хирург Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында туулган.

Учурда өзүнүн атын алып жүргөн Улуттук хирургия борборунун ардактуу директору.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM