8-март саат 12:00гө карата Украинанын аймагында 107 кыргызстандык калды. Бул тууралуу элчи Идрис Кадыркулов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Маалым болгондой, алардын 38и согуш болуп жаткан аймактарда турушат:
- Запорожье шаарында — 4;
- Николаевская облусунда — 10;
- Борзель шаарында — 3;
- Буча шаарчасында -3;
- Житомир облусунун Панасивка айылында — 3;
- Харьков шаарында — 6;
- Киев шаарында — 9.
7-мартта Киевден Львов шаарына жеткирилген кыргызстандыктарды Бишкекке алып келүү үчүн автобустан 10 орун алынган. Бирок алардын тогузу бул каттам менен кетүүдөн баш тартышкан.
Элчи белгилегендей, Харьков шаарындагы 2 жаран жашаган жеринен көчпөй турганын айтышса, калган төртөө чечим чыгара элек.