Орусиянын Екатеринбург шаарында жүргөн Кыргызстандын жарандары алгачкы улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.
Күбөлүктөрдү Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов тапшырды.
Өз кезегинде күбөлүк алган жарандар Кыргызстандын өлкө жетекчилигине жана мамлекеттик органдарына ыраазычылыктарын билдиришти.
Айта кетсек, Башкы консулдук улуттук жана эл аралык күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн Орусиянын Урал аймагында эмгектенген мекендештердин документтерин ушул жылдын 17-январынан тарта кабыл ала баштаган.
Топтолгон документтин негизинде Кыргызстандын тиешелүү органдарына буйрутма берилген.