Connect with us

Журналист Абдувахаб Мониев каза болду

Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 447 | 0

Белгилүү журналист Абдувахаб Мониев каза болду.

Журналист оорудан каза тапкан. Анын сөөгү эртең, 25-февралда өзү туулуп-өскөн айылына коюлат.

Абдувахаб Мониев 1974-жылы Араван районундагы Чөгөм айылында туулган. 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

Ал журналистикадан сырткары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып жүргөн. Бир катар китептердин автору, «Генерал Ысакбек» патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти болгон.

Журналист эмгек жолун 1992-жылы Ош облустук «Ош жаңырыгы» гезитинде корректор болуудан баштаган. Андан соң Чөгөм орто мектебинде лаборант, «Асаба», «Агым» гезиттеринде кабарчы болгон. «Учкун», «Ош жаңырыгы» жана «Эркин-Тоо» басылмаларынын башкы редактору кызматын аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM