Белгилүү журналист Абдувахаб Мониев каза болду.
Журналист оорудан каза тапкан. Анын сөөгү эртең, 25-февралда өзү туулуп-өскөн айылына коюлат.
Абдувахаб Мониев 1974-жылы Араван районундагы Чөгөм айылында туулган. 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
Ал журналистикадан сырткары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып жүргөн. Бир катар китептердин автору, «Генерал Ысакбек» патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти болгон.
Журналист эмгек жолун 1992-жылы Ош облустук «Ош жаңырыгы» гезитинде корректор болуудан баштаган. Андан соң Чөгөм орто мектебинде лаборант, «Асаба», «Агым» гезиттеринде кабарчы болгон. «Учкун», «Ош жаңырыгы» жана «Эркин-Тоо» басылмаларынын башкы редактору кызматын аркалаган.