Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакторлорунун арасында байге фонду миллион сомду түзгөн сынак жарыялады.
Сынакка жөнөтүлгөн берүү, уктуруу, макала Кыргызстандын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын мыкты чагылдырышы шарт. Сыйлыктар төмөнкү номинациялар боюнча каралат:
— Мыкты телепрограмма/телеберүү;
— Мыкты радиоберүү/тематикалык берүүлөрдүн сериясы;
— Мыкты макала/басылмалардагы макалалар сериясы;
— Мыкты макала/электрондук ЖМКдагы жарыялоолор сериясы;
— Мыкты жарыялоо/социалдык медиадагы жарыялоолор, роликтер сериясы («Facebook», «Instagram», «YouTube»).
Эмгектер сынак жарыяланган күндөн тартып 30-апрелге чейин Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78 дарегине же synak2022@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүлүүгө тийиш. Жыйынтык 20-майга чейин чыгарылат.