Биз менен байланышыңыз

Маалымат каражаттарын өнүктүрүү жаатындагы эмгектерге сынак жарыяланды

Кыска кабар | 16 Фев 2022 | 345 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакторлорунун арасында байге фонду миллион сомду түзгөн сынак жарыялады.

Сынакка жөнөтүлгөн берүү, уктуруу, макала Кыргызстандын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын мыкты чагылдырышы шарт. Сыйлыктар төмөнкү номинациялар боюнча каралат:

— Мыкты телепрограмма/телеберүү;

— Мыкты радиоберүү/тематикалык берүүлөрдүн сериясы;

— Мыкты макала/басылмалардагы макалалар сериясы;

— Мыкты макала/электрондук ЖМКдагы жарыялоолор сериясы;

— Мыкты жарыялоо/социалдык медиадагы жарыялоолор, роликтер сериясы («Facebook», «Instagram», «YouTube»).

Эмгектер сынак жарыяланган күндөн тартып 30-апрелге чейин Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78 дарегине же synak2022@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүлүүгө тийиш. Жыйынтык 20-майга чейин чыгарылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM