2021-жылы Башкы прокуратура органдары тарабынан коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында мамлекеттик бюджетке 1 млрд 288 млн сом кайтарылган.
Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Анын 193 млн 219 миң сому акчалай, 1 млрд 95 млн 16 миң сому материалдык баалуулуктар түрүндө кайтарылган.
Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча прокуратура органдары тарабынан 7 миң 565 текшерүү жүргүзүлүп, 16,7 миң мыйзам бузуулар аныкталган. 7,9 миң акт түзүлүп, 6,4 миң кызмат адамы жоопкерчиликке тартылган.
Мындан тышкары жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу иштеринин алкагында 1 млрд 95 млн сом өндүрүлгөн, 22 кыймылсыз мүлк, 1578 чарчы метр имарат жана 1125 гектар жайыт кайтарылды.