«Ата мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды.
Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болору 2021-жылдын август айында белгилүү болгон.
«Марал» радиосуна өздүк булактардан билдиришкендей, саясатчыга элчи болууга сунуш түшкөн жана керектүү документтери чогултулуп, Германияга кароого жөнөтүлгөн. Элчиликке дайындалуу боюнча акыркы чечим 10-сентябрга чейин чыгат деп айтылган.