Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Жапаров Мишустинди жаңы жылы жана Рождество майрамы менен куттуктады.
Ал белгилегендей, өтүп бара жаткан жыл кыргыз-орус мамилелери үчүн жемиштүү, маанилүү окуяларга, саясий байланыштарга бай жылдардан болду.