28-29-декабрда абанын температурасы төмөндөйт. Туруксуз аба ырайы күтүлөт.
28-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5,
Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…1,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5,
Нарын жергесинде түнкүсүн -18…-23, күндүз 3…8,
Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -4…-6, күндүз 2…4° жылуу болот.