Биз менен байланышыңыз

28-декабрга карата аба ырайы

Кыска кабар | 27 Дек 2021 | 194 | 0

28-29-декабрда абанын температурасы төмөндөйт. Туруксуз аба ырайы күтүлөт.

28-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5,

Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5,

Ысык-Көл  облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…1,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5,

Нарын жергесинде түнкүсүн -18…-23, күндүз 3…8,

Бишкекте жаан чачын  күтүлбөйт. Түнкүсүн -4…-6, күндүз 2…4° жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM