Биз менен байланышыңыз

24-декабрда айрым аймактарда жаан жаап, карга айланат

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 185 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызстанда 24-декабрда түнкүсүн Жалал-Абад, Ош облусунун кээ бир райондорунда, жаан жаап, карга айланат, тоо этектеринде кар жаайт. Шамалдын багыты батыштан 4-9 м/с-га жетет.

Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдордо кар, муз тоңот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11;

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7;

Бишкек шаарында 24-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +7…+9 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM