Улуттук энергохолдинг энергетикалык ишканалардын кызматкерлеринин электр энергиясын керектөө лимитинин сакталышын текшерүүнү демилгелеген. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.
Текшерүү учурунда акционердик коомдордун айрым жетекчилери жана бөлүм башчылары тарабынан 5 киловаттка чейин электр энергиясы ашыгы менен колдонулган.
Энергетиктер ишканалардагы энергияны керектөөчү кубаттуулуктарды да өчүрө башташты.
Энергетикалык каатчылыкка жана аткаминерлердин электр энергиясын үнөмдөө боюнча тынымсыз чакырыктарына карабастан, Чолпон-Ата шаарында УКМК кызматкерлери криптовалютаны (биткоин) казып алуу боюнча кен иштетүүчү чарбаны аныктаган.
Аны жергиликтүү бөлүштүрүүчү аймактын жетекчиси ачкан.