Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 9-декабрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;
Бишкекте 9-декабрда түнкүсүн жана эртең менен бир кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +3…+5 градус жылуу.