2021-жылдын 9 айында Адвокаттардын мамлекеттик реестрине 40 адвокат кошулду. Муну менен каттоодон өткөн адвокаттардын саны 425ке жетти.
Мамлекеттик каттоодо
Бишкек шаары боюнча – 152 адвокат,
Чүй облусу боюнча – 60 адвокат,
Жалал-Абад облусу боюнча – 59 адвокат,
Ош облусу боюнча – 82 адвокат,
Талас облусу боюнча – 8 адвокат,
Нарын облусу боюнча – 11 адвокат,
Баткен облусу боюнча – 20 адвокат,
Ысык-Көл облусу боюнча – 33 адвокат бар.
Мамлекеттик реестрге кирген адвокаттар жарандарга акысыз кызмат көрсөтөт, себеби аларга мамлекет айлык берет.
2021-жылы адвокаттардын эмгек акысын төлөө үчүн 74 млн 214 миң 200 сом бөлүнгөн.
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялык борбор, донорлор менен биргеликте системанын адвокаттарынын квалификациясын жогорулатуу үчүн окутуу иш-чаралары өткөрүлөт.