Connect with us

«Үйлөрдү жылуулоого жеңилдетилген насыя берүүнү караштыруу зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Ноя 2021 | 770 | 0

Өкмөт жарандарга үйлөрүн жылуулоо үчүн жеңилдетилген насыя берүү программасын иштеп чыгышы керек. Мындай пикирин «Жашыл Альянс» бирикмесинин төрайымы Нурзат Абдырасулова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал жарандар болобу, бийлик болобу, ыш маселесин от жагуу мезгили башталганда гана эстей турганын айтып, анын ден соолукка, экономикага тийгизип жаткан кесепеттери көңүлгө алынбай калып жатканын кошумчалады.

«Кыш келген сайын Бишкек абанын сапаты боюнча дүйнө жүзүндө 1-2-орунга чыгып кетет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн ар бир жаран өз салымын кошсо болот. Мисалы, үйлөрдү жылуулоо, энергоэффективдүү мештерди сатып алуу. Азыр Күндүн нуру менен суу жылыткан, электр энергиясын алган жакшы технологиялар бар. Бирок буларды алууга жарандарыбыздын кээсинде маалымат жок болсо, көбүндө каражат жок болуп жатат. Ошол себептен өкмөт дыйкан-фермерлерди арзан насыя менен каржылагандай эле энергетика тармагына да жеткиликтүү, арзан каражат берүү маселесин чечсе, адамдар энергияны үнөмдөө жолдорун өздөрү таап алышмак», — дейт ал. 

Ал Министрлер кабинети, Энергетика министрлиги учурда идеяларды, сунуштарды укканга ачык экенин айтып, бирок практикалык иштер көрүнбөй жатканын билдирди. Экологиялык маселелерди чечүүдө азырынча эл аралык уюмдар гана колдоо көрсөтүп келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM