Биз менен байланышыңыз

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 13 Ноя 2021 | 341 | 0

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

12-ноябрда Жазык проссесттик кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) боюнча иликтенип жаткан иштин алкагында, акча каражатын алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү “З.Б.” жана “С.А.” аттуу Кыргызстандын жарандары кармалды.

Кармалган жаран “Б.И.” аттуу КР жаранынан күч колдонуу жолу менен 2 миллион сом опузалап талап кылганы аныкталды.

Кармалган жаран “З.Б.” УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM