Connect with us

Сербияда өткөн чемпионатта Кыргызстан бешинчи орунду ээледи

Кыска кабар , Спорт | 9 Ноя 2021 | 380 | 0

Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде Кыргызстан бешинчи орунду ээледи.

1-ноябрдан 7-ноябрга чейин өткөн мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта Айпери Медет кызы менен эркин күрөш боюнча 70 кг салмакта Эрназар Акматалиев алтын, ал эми эркин күрөш боюнча 57 кг салмакта Бекболот Мырзаназар уулу күмүш медаль алган.

Рейтинг боюнча биринчи орунду Орусия, экинчи орунду Украина, үчүнчү орунду Азербайжан, төртүнчү орунду Иран алган. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан бешинчи, Казакстан жыйырма бешинчи орун ээлеген. Ошондой эле буга чейинки беттештерде алдыңкы орунду бербей келген АКШ бул жолу алтынчы орунга илинди.

Бул чемпионатта жалпы 31 мамлекеттин балбандары медаль алышкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM