Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы кызматкерлеринин арасында футбол боюнча мелдештерди өткөрүп жатат.
7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата уюштурулган бул мелдештерде Бишкек шаарындагы өрттөн куткаруу бөлүмдөрү менен куткаруу кызматынын өздүк курамы тайпаларга бөлүнүп ойношту.
Оюндар эртең, 4-ноябрда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө жана мыкты оюн көрсөткөндөргө атайын белектер ыйгарылат.