Биз менен байланышыңыз

Улукбек Турдубеков: Кыргызстандын бийлиги — сүйлөшүүгө эң ачык орган

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Окт 2021 | 317 | 0

Кыргызстанда мамлекеттик органдар диалогго эң ачык. Мындай пикирин IFCнин юрист-консультанты Улукбек Турдубеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал ишкерликте мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү же болбосо мамлекеттик ишканалар менен абдан көп талаш-тартыштар болорун айтып, аларды сотко жеткирбей чечүүнүн бир топ жолу бар экенин кошумчалады.

«Калыстык үчүн айта кетсек, бүт Орто Азия региону боюнча Кыргызстанда бийлик — сотко жеткирбей сүйлөшүүгө эң ачык орган. Анткени мен Өзбекстанда да, Тажикстанда да иштеп көрдүм, мисалы, биз азыр барып каалаган министр менен жолуксак болот, өкмөткө кирип өз сунушуңду айтып, сүйлөшсө болот. Башка Орто Азия регионунда андай жок. Ишкерлердин акимге, мэрге кирүүсү мүмкүн эмес», — дейт ал.

Ал бийликтин ишкерлер менен диалогго барууга даярдыгынын индикатору катары президенттин алдында бизнес өнүктүрүү кеңешин, Жогорку Кеңештин алдындагы бизнес-кеңешти, Министрлер кабинетинин алдындагы бизнес-кеңешти санап өттү.

«Бул кеңештердин негизги максаты мамлекетке тиешелүү органдарды бир тарапка, жалаң ишкерлерди экинчи тарапка чогултат. Анан күн тартибине ишкерлер тушугуп жаткан көйгөйлөрдү алып чыгып, талкуулашат. Ошол жерден саясий чечим кабыл алынып, керектүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет. Бул — сотко жеткирбей сүйлөшүүнүн биринчи жолу», — дейт юрист-консультант.

Ал экинчи жолу катары жакындан бери пайда болуп баштаган Бизнес-омбудсмен сыяктуу альтернативдик институттарды атады. Үчүнчү альтернативдик жол — IFCнин долбоору. Бул долбоор  бүт мамлекеттик орган менен макулдашылган, жакынкы учурда күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM