Connect with us

Украинада Зеленскийдин жардамчысына кол салуу болду

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 1128 | 0

Украинада Киевге жакын Лесники айылында президент Владимир Зеленскийдин досу жана жардамчысы Сергей Шефирге кол салуу болду.

Бүгүн, 22-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 10:00дө белгисиз адам Шефир отурган унааны аткылаган. Жалпы 12 ок чыгарылып, анын ону унаага тийген.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, Шефир жабыркаган эмес. Бирок анын айдоочусу жарадар болгон: ага үч ок тийген.

Ал арада полиция кызматкерлери окуя жерине барып, иликтөө иштерин баштады. Алар окуянын күбөлөрүнө кайрылып, көргөн-билгендерди маалымат берүүгө чакырды.

Зеленскийдин маалымат катчысы Сергей Никифоров кол салгандар, ага буйрутма бергендер менен кол кабыш кылган адамдар жазадан кутулбай турганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM