Биз менен байланышыңыз

Баткен окуясы: Сот бир канча жаранга өкүм чыгарды

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 1029 | 0

Баткен облусунун Лейлек райондук соту 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышка байланыштуу бир канча жаранга карата чечим чыгарды.

Соттун 14-сентябрдагы өкүмү менен Тажикстандын жарандары Ю.А.А. жана К.А.А. КРнын Жазык кодексинин 42-беренеси аркылуу 380-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 2800 сом айып салуу менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.

Жазык кодексинин 391-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып 8 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Жазык кодексинин 78-бер. 4-б. негизинде жазалар бири-бирине толук бириктирүү жолу менен бириотоло эсептик көрсөткүчтүн 2800 өлчөмүндө айып салуу менен өмүр бою эркиндиктеринен ажыратылган.

Жазык иши боюнча Ю.А.А. дан жабырлануучу М.С. нын пайдасына келтирилген материалдык зыян 8 млн 700 миң сом өндүрүлгөн.

Соттун 21-сентябрдагы өкүмү менен Кыргызстандын үч жараны 8,5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылды, алардын бирине 200 миң сом өлчөмүндөгү материалдык зыян өндүрүлдү.

Тажикстандын эки жараны өмүр бою эркинен ажыратылып, 280 миң сом айыпка жыгылды. Алардын биринен сот 8,7 миллион сомдук материалдык чыгымды өндүрүп алды.

Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматы: 

Кыргызстандан жараны И.А.И. Жазык кодексинин 307-бер. 2-б. боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды. Бирок 391- бер. 1-б. боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган.

267- бер. 2-б. 2-п. боюнча күнөөлүү деп табылып,  1000 сом айып салуу менен 8 жылга эркиндигинен ажыратылган.

358- бер. 1-б. боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 айга эркиндигинен ажыратылган.

Натыйжада Жазык кодексинин 78-бер. 3-б. 3,5- пункттарынын тапаптарына ылайык, И.А.И. га белгиленген жазалар толук бириктирилип, 15 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Ал эми Кыргызстандын дагы эки жараны Б.А.И. жана У.А.К. Жазык кодексинин 307-бер. 2-б. боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

391- бер. 1-б. боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндиктеринен ажыратылган.

358- бер. 1-б. боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 айга эркиндиктеринен ажыратылган.

Натыйжада Жазык кодексинин 78-бер. 3-бөл. 3-п. талабына ылайык, Б.А.И. жана У.А.К. на белгиленген жазалар бириктирилип, 8 жыл 6 айга эркиндиктеринен ажыратылды.

Мындан тышкары, И.А.И. дан жабырлануучу Б.Ш.Ж. аттуу жарандын пайдасына келтирилген материалдык зыян 200 миң сом өндүрүлгөн.

28-29-30-апрелде Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 200гө жакын адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган.

Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM