Кыргызстанда 17-сентябрга карата COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза болду. 2020-жылдын март айынан бери коронавирстан 2 миң 583 адам көз жумду.
Акыркы суткада дагы 83 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен:
Бишкек шаарында – 31,
Чүй облусунда – 17,
Ош облусунда – 4,
Талас облусунда – 4,
Нарын облусунда – 6,
Ысык-Көл облусунда – 12,
Жалал-Абад облусунда –8,
Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери 177 миң 567 адамга коронавирус жукту.
Акыркы суткада 113 адам сакайып, жалпы айыккандар 172 миң 15 киши болду.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 589 бейтап, үй шартында 910 адам дарыланууда.