Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясы Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылына мектеп салуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
275 орундуу мектептин курулушуна спорт зал, ашканасын кошо эсептегенде 104 млн 646,6 миң сом кетери болжолдонууда.
Тендер бүгүн, 14-сентябрда жарыяланды. Арыздар 28-сентябрга чейин кабыл алынат.