Connect with us

УКМК: Аткезчилик менен алектенген бажычылар кармалды

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 469 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети экономикалык аткезчилик фактысы менен «Түндүк» темир жол бажысына караштуу «Кара-Балта» бажы каттоо жайынын жогорку кызмат адамдары Ж.Д. жана М.Е. кармалганын кабарлады. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2021-жылдын 17-августунда «Түндүк» темир жол бажысына караштуу «Кара-Балта» бажы каттоосунан текшерүүдөн өтпөгөн үч жүк ташуучу унаа кармалган. Алар «Дордой» базарынын аймагына келип, товарларды жарым-жартылай түшүргөн.

Тергөөдө аныкталгандай, жүктү түшүрүүгө «ALG» ЖЧКсынын кызматкерлери жардам берген. Ал эми бажыдан мыйзамсыз өтүүгө Мамлекеттик бажы кызматынын адамдары жардам берген.

Транзиттик декларацияларга ылайык, кармалган жүк фирмалык кийим түрүндөгү товарлардан төмөн баадагы трикотаж кездемелер, жиптер, токулган кездемелер, жибек кездемелер жана пахта катары декларацияланган.

Мындай кылмыштуу иштерден улам мамлекеттик казына 8 миллион сомдон ашык зыян тарткан. Ал акча кайра өндүрүлдү.

Учурда кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM