Биз менен байланышыңыз

Нурманбет Раймалы уулу КМШ оюндарында бел боо күрөшүнөн алтын медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 6 Сен 2021 | 496 | 0

Татарстандын борбору Казань шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн I оюндарында Нурманбет Раймалы уулу бел боо күрөшү боюнча мелдеште алтын тагынды.

Ал 100 килограммга чейинки салмак категорияда күрөшкөн.

Белгилей кетсек, ал буга чейин ушул эле оюндарда грек-рим күрөшү боюнча күрөшүп, коло медаль алган.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн I оюндарында медалдар боюнча Кыргызстан 5-орунда келе жатат.

Учурда Кыргызстандын куржунунда 2 алтын, 9 күмүш жана 14 коло (жалпы 25) медаль бар.

Кыргызстандан КМШ өлкөлөрүнүн оюндарына 163 спортчу катышат. Алар спорттун 13 түрү боюнча күчүн сынайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM