Татарстандын борбору Казань шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн I оюндарында Нурманбет Раймалы уулу бел боо күрөшү боюнча мелдеште алтын тагынды.
Ал 100 килограммга чейинки салмак категорияда күрөшкөн.
Белгилей кетсек, ал буга чейин ушул эле оюндарда грек-рим күрөшү боюнча күрөшүп, коло медаль алган.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн I оюндарында медалдар боюнча Кыргызстан 5-орунда келе жатат.
Учурда Кыргызстандын куржунунда 2 алтын, 9 күмүш жана 14 коло (жалпы 25) медаль бар.
Кыргызстандан КМШ өлкөлөрүнүн оюндарына 163 спортчу катышат. Алар спорттун 13 түрү боюнча күчүн сынайт.