Талас облусунда жасалма доллар сатууга аракет кылган Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМКнын маалыматы боюнча, 25 жаштагы Д.С.Я. аттуу казакстандык жаран Манас районундагы «Чоң-Капка — унаа жолу» өткөрмө жайындагы акча алмаштыруу жайларынын бирине ири өлчөмдөгү жасалма долларларды сатууга аракет кылган.
Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 225-беренеси (акчаны же баалуу кагазды жасалмалоо) менен иш ачылган.
Учурда ал Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тиешелүү экспертиза дайындалды. Аталган факттын чоо-жайын билүү, бул ишке башка адамдардын катышы бар же жогун аныктоо иштери жүрүп жатат.