Биз менен байланышыңыз

Калкты каттоо департаменти «Кызмат» ишканасы болуп өзгөрөт

Кыска кабар | 26 Авг 2021 | 503 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Калкты каттоо жана документ берүү жаатында бирдиктүү орган түзүү аркылуу каттоо системасын өнүктүрүү» концепциясынын долбоорун талкуулаган жыйын өткөрдү.

Жыйында санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев каттоо системасындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү, калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин «Кызмат» мамлекеттик ишканасына өзгөртүүнү, анын карамагына Калкты тейлөө борборлорун өткөрүп берүүнү сунуштады.

Ал ишкана өзүн-өзү акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен каржылайт.

Жолугушуунун жүрүшүндө каттоо системасын реформалоо боюнча маселелер талкууланды.

Жыйындын соңунда Санариптик өнүктүрүү министрлигине «Каттоо системасын өнүктүрүү» концепциясынын долбоорун бир жуманын ичинде аягына чыгаруу тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM