Августтун аягында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Буга чейин 10-майдагы эс алуу күнү 30-августка жылдырылган. Ал эми 28-август жана 29-август ишемби, жекшембиге туш келет.
31-августта Эгемендик майрамы белгиленет. Буга байланыштуу өлкө жарандары 4 күн катары менен эс алат.