Connect with us

Кыргызстан менен Өзбекстан соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөйт

Кыска кабар | 6 Авг 2021 | 481 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик кездешүүсүнүн алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери, соода-экономикалык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүү маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки мамлекет жакынкы жылдары соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөп жатканы белгиленди.

Мирзиёев эки тарап тең кызыкдар болгон бардык актуалдуу багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин айтты.

Жолугушуунун соңунда президенттер алар тарабынан жетишилген бардык макулдашуулар биргелешип ишке ашырыларына ишеним артарын билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM