Биз менен байланышыңыз

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болду

Кыска кабар | 2 Авг 2021 | 522 | 0

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри шайланганга чейин мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Алмаз Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген. 2019-2020-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, 2020-жылы президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган.

Ош шаарын 2018-жылдан бери Таалайбек Сарыбашев жетектеп келди. Ал өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, 2012-2015-жылдар аралыгында Ош облусунун Алай районунун акими болуп да иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM