Connect with us

Депутаттар президент демилгелеген 4 мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Кыска кабар | 30 Июл 2021 | 362 | 0

Кечээ, 29-июлда Жогорку Кеңеште депутаттар президент демилгелеген «Министрлер Кабинети жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун биринчи окуудан өткөрдү.

Өткөн аптада депутаттар аталган мыйзам долбоорлорунун кемчиликтерин айтып, өзгөртүүлөр керек деген жүйө менен карабай койгон. Бирок кечээки жыйында экинчи окууга чейин депутаттардан турган топ алымча-кошумчасын киргизип, мыйзам долбоорун иштеп чыгууга катышат деген шарт менен биринчи окуудан өткөрдү.

Белгилей кетсек, 29-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы жыйынтыкталып, депутаттар эс алууга кетти.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM